Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөгү" мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор биринчи окууда негиз катары жактырылды.
Өкмөт демилгечи болгон бул мыйзам долбоорунда абакта жазасын өтөп чыккандарды социалдык жактан тейлөө жагы каралууда. Азыркы учурда эркинен ажыратылган жайларда жазасын өтөп бүтүп, бошонуп чыккан жарандар, аты-жөнүн, жашаган жерин, тастыктаган документтеринин жоктугуна байланыштуу социалдык тейлөөгө, жумушка орношууга, эң маанилүүсү, медициналык жактан тейлөөгө мүмкүндүк ала алышпайт. Мындай абал ВИЧ, СПИД, кургак учук ооруларына чалдыгуу тобокелин жаратат. Бул багытта баяндама жасаган Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары А.Каримкулов кеңири түшүндүрмө берди.