Алмазбек Атамбаев кинорежиссёр Эльдар Рязановдун каза болгондугуна байланыштуу Орусиянын президентине көңүл айтты

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-ноябрда кинорежиссёр Эльдар Рязановдун каза болгондугуна байланыштуу Орусиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Советтер Союзунун жана Орусиянын залкар кинорежиссёру, СССРдин Эл артисти Эльдар Рязановдун каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Эльдар Александрович советтик кинематографиянын калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал бизге таланттуу жана жөндөмдүү бир топ актёрлорду тартуулаган. Ал эми анын фильмдеринин таасири менен бир нече муундагы көрүүчүлөр чоңойгон”,- деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент кыргыз элинин атынан чын дилинен көңүл айтып, Эльдар Рязановдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүн жолдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан