30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Франциянын борбору Парижде өтүп жаткан климаттын өзгөрүшү боюнча конференцияга катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча тараптардын Рамкалык конвенциясынын 21-конференциясына дүйнөдөгү 140тан ашуун өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышмакчы. Конференциянын алкагында маданият боюнча 65 долбоор сунушталса, ушул сыяктуу дагы 227 иш-чара өтөт. Мындан сырткары өтө турган тегерек столдордун саны 184тү түзөт.