Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-ноябрда Францияга болгон иш сапарынын алкагында Париж шаарында өтүп жаткан БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын ачылышына катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өз сөзүндө мамлекет башчы Париждеги террордук акттын натыйжасында көп сандаган адамдар курман болгондугуна байланыштуу Франция элине көңүл айтты.
"Урматтуу айымдар жана мырзалар!
Бүгүн биз бул жерге абдан маанилүү максат менен - жалпы адамзаттын туруктуу өнүгүшүнө глобалдуу чакырык болуп калган климаттын өзгөрүү маселесин чечүүнүн жолдорун макулдашуу үчүн чогулуп отурабыз. Климатын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери биздин өлкөбүздү дагы кыйгап өткөн жок. Кургакчылык мурда болуп көрбөгөндөй биздин тынчыбызды кетирип, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу калктын оорулары көбөйүүдө. Борбор Азияда таза суунун калыптанышынын аймагы болуп эсептелген мөңгүлөрдүн тез эрип баратканы өзгөчө тынчсыздандырууда.
Божомолдор боюнча, 2025-жылы кыргыз жериндеги мөңгүлөрдүн жалпы аянты орточо эсеп менен 30-40 пайызга кыскарышы ыктымал. Анын натыйжасында Борбордук Азиянын дарыяларынын суу деңгээли 25-30 пайызга кыскарышы мүмкүн. Ал эми 2100-жылы кыргыз тоолорундагы мөңгүлөр Жер картасынан таптакыр жоголуп кетиши ыктымал. Ошондуктан биздин өлкөбүз климаттын өзгөрүшү боюнча маселелерди өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык программаларына киргизүү боюнча жигердүү иш жүргүзүп жатат. Алсак, көмүртеги аз жана “жашыл” өнүктүрүү маселелери өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизилип, климаттын өзгөрүшүнө ыкташуунун приоритеттүү багыттары кабыл алынды.
Кыргыз жеринде атмосферага парник газдарынын чыгындыларынын көлөмү орточо дүйнө көрсөткүчтөрүнөн үч эсе төмөн, ошондой болсо дагы биз митигация боюнча төмөндөгү чараларды пландаштырып, ишке ашырып жатабыз:
1) "Копенгаген макулдашуусунун" алкагында ыктыярдуу милдеттерибизди аткаруу.
2) Төмөндөгүлөрдү камтыган “жашыл” экономика принциптерин ишке киргизүү:
- Өлкөнүн жылуулук электр борборлорунун чыгындыларын кыскартуу боюнча заманбап технологияларды ишке киргизүү жана пайдалануу;
- Салттуу энергия булактарынан жаңыланма түрлөрүнө, ошондой эле ресурс үнөмдөөгө өтүү. Бул жагынан биз өзүбүздүн гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдаланалы деген ойдобуз.
Гидроэнергетиканы өнүктүрүү туруктуу өнүгүүнүн жана дүйнөдө экологиялык жактан зыяндуу өнөр жай чыгындыларын олуттуу кыскартуунун маанилүү багыты болуп саналарына ишенебиз. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын калкын кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылыш үчүн биз көмүр кендерин иштетүүгө аргасызбыз. Бирок биздин милдеттенмелерибиз көмүр кендерин пайдалануу жана жаңы жылуулук электр борборлорун куруу пландарын эске алат.
Андан тышкары биз улуттук жана регионалдык деңгээлде төмөндөгү чараларды ишке ашырууну сунуш кылабыз:
1) Тоо экосистемин, анын ичинде токойлорду дагы калыбына келтирүү жана сактоо;
2) Суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана суу үнөмдөө технологияларын ишке киргизүү. Бул жагынан “суу тагы” принцибин, же Борбор Азияда “виртуалдуу суу концепциясын” ишке киргизүү зор мааниге ээ;
3) Климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан жаратылыш кырсыктарына жана өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу үчүн мамлекетти дагы, калкты дагы алдын ала маалымдоо жана даярдыгын жогорулатуу системдерин ишке киргизүү;
4) Глобалдык жылуу боло баштоого байланыштуу калктын ден соолугун коргоо боюнча чаралар;
5) Шаарлардын жана айыл жерлеринин инфраструктурасын жакшыртуу.
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
Кыргыз Республикасы бизди курчап турган айлана-чөйрөнүн, климаттын өзгөрүшү менен туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын ортосундагы өз ара байланышты түшүнүү менен, глобалдык деңгээлдеги мындан аркы аракеттерди макулдашууда өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын калыс жана адилет кароону жактайт. Глобалдык келишимдердин архитектурасында максаттары, индикаторлору жана дүйнөлүк коомчулуктун, болочок муундардын алдындагы бардык мамлекеттердин жоопкерчилиги так көрсөтүлгөн макулдашууларга артыкчылык берилиши керек деп эсептейбиз.
Ушуга байланыштуу бул конференцияда адам ишмердигинин климатка тескери таасир этүүсүн болтурбоого да, Жер шарынын калкын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайланышына да өбөлгө түзүүнүн реалдуу каражаты болуп кала турган жаңы климаттык келишимди кабыл алууга чакырабыз. Биз баарыбыз Жердин, кийинки муундардын келечеги үчүн жоопкербиз".