30-ноябрда Темир Сариев өлкөнүн түштүк аймагындагы жер титирөөнүн кесепетин жоюу боюнча Ош шаарында көчмө жыйын өткөрдү. Премьер-министр 17-ноябрда Ош облусунда орун алган жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышкандыгын маалымдады.
«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир катар иштерди аткарыптыр. Бирок элге жардам берүү боюнча иштерди тездетүү зарыл, кыш түшүп келе жатат. Жабыр тарткандарды атайын жылууланган контейнерлер менен камсыз кылууну ылдамдатуу керек»,- деди ал.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Ош облусу боюнча 431 турак жайга 4-даражадагы, ал эми 11 турак жайга 5-даражадагы зыян келтирилген. Премьер-министр Темир Сариев жабыркагандарга турак жай салуу үчүн атайын курулуш материалдарын сатуучу дүкөндөрдү уюштурууну тапшырды. Ошондой эле өкмөт башчы жер титирөөдөн жабыр тарткан социалдык объекттерди калыбына келтирүү иштерин ыкчамдатуу тапшырмасын берди. Муну менен катар жабыр тарткандарга мыйзамда каралган жардамдарды бөлдүрүү маселеси да каралды.