Кендерди сатуу боюнча үзгүлтүккө учураган аукцион 2-ноябрда өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда кендерди сатуу боюнча үзгүлтүккө учураган аукцион 2-ноябрь күнү КТРКнын имаратында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик геология жана минералдык ресурс агенттиги билдирди. Эске салсак, 28-август күнү КТРКнын түз эфиринде болуп жаткан аукционго 40 адам кирип барып, аукционду үзгүлтүккө учуратышкан. Жогоруда аталган агенттиктин кызматкери Уланбек Ырыскуловдун айтымында, аукционду үзгүлтүккө учураткандардын үстүнөн бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Азыр тергөө иштери аяктап, жакында иш сотко жиберилет. 28-августтагы аукционго катышуучулардын саны 49ду түзсө, 2-ноябрда өтүүчү аукциондо алардын саны 3кө кыскарган. Ошондой эле 2-ноябрь күнү КТРКнын имараты ИИМ тарабынан коргоого алынары күтүлүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан