Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Аталган мыйзам долбоорун комитет жыйынына өмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев алып чыкты.
Мыйзам долбоору жергиликтүү элдин ыңгайлуу жашоосуна, алардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган. Долбоорго ылайык, Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы, Дөбө, Бай, Кара-Бак калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев Чүй жана Ош облусунун аймагында айыл макамына муктаж көптөгөн калктуу конуштар, дачалар бар экенин эске салып, мындай калктуу конуштарга дагы комплекстүү мамиле жасап, мыйзам долбоорун киргизүүнү сунуш кылды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.