“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев Үй куруучулар бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 30-ноябрда Үй куруучулар ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, тараптар миңдеген жарандардын социалдык укугун коргоого багытталган мыйзам долбоорун талкуулашты.

Өмүрбек Текебаев: “Кыргыз мамлекетинде 20 жылдан бери эки сотых жер тилкесине ээ боло албай жүргөн жарандарыбыз арбын. Жер алып, үй салганы менен, мыйзамдаштыра албай жүргөндөр да бар. Үй куруучулар жашаган конуштарга барсаң, инфраструктурасы жакшы жолго коюлган эмес, электр чубалгылары тартылбаган. Жолдору оңдолбогон бойдон калууда”,- деп билдирди.

Үй куруучулар Бишкектин айланасындагы конуштарга байланыштуу көйгөйлөрдү айтышып, аларды чечүү багытында жарандардын укуктарын коргоого жөндөмдүү мыйзамдарды кабыл алуу зарылдыгын билдиришкенин фракциядан маалымдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан