Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 1-декабрдагы жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, КРнын Салык кодексине)" КРнын мыйзамынын долбоорун 3-окууда алып чыкты.
Мыйзам долбоорунун максаты - салык төлөбөй жүк ташып жаткан унаалардан салыктык төлөмдү талап кылуу үчүн Салык кызматына укук берүү. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен ыктыярдуу патенттин көлөмү кыйла жогорулаары болжолдонууда. "Атайын 700дөй жүк ташыган унаа текшерүүгө алынып, 8 гана айдоочунун төлөмү бар болуп чыкты. Ошондуктан бул жерде төлөмдөрдү текшерүүнү МАИ кызматы менен Салык кызматына берсек, бюджетке жылына 1 миллиард сом салык түшөт",- деди Кожошев.