Чет өлкөдөгү кыргыз мамлекетинин элчиликтери жакшы иштеп, өлкөгө инвестиция тартышы зарыл. Бул тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин 1-декабрдагы жыйынында депутат Бахадыр Сулейманов билдирди.
"Мен чет өлкөлөрдө элчиликтердин ачылышына каршы эмесмин. Алар өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн керек, бирок алар жакшы иштеши шарт. Визиттерди уюштуруу менен эле чектелбестен, ал жактан өлкөбүзгө тикелей инвестиция тартуу багытында да катуу аракет кылышы зарыл”,- дейт депутат.
Эскерте кетсек, комитеттин бүгүнкү жыйынында Түркмөнстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу салыкты жоюу боюнча келишим талкууланды.