Кожобек Рыспаев Энергетика министрлигинин функциясын Экономика министрлигине өткөрүп берүүнү сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев 1-декабрда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу комитетинин жыйынында Экономика жана өнөр жай министрлиги өзүнө көп функцияны алып алганын билдирди. Экономика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевге кайрылган депутат: "Силер энергетиксиңер, экономиканы түшүнбөйсүңөр. Азыр экономика боюнча суроолорду берсем, жооп бере албайсыз. Энергетика жана Экономика министрликтерин бириктирип, колу-бутун жулуп алдыңар",- деди.

Рыспаев нааразычылыгын андан ары улантып: "Айрым министрликтердин функциялары башкаларына берилгени туура эмес болду. Мисалы, бизде энергетика боюнча суроо болот. Жыйынга келген экономист энергетика боюнча "а" же "б" деп жооп бере албайт",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан