Бишкекте бүгүн, 1-декабрда Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин жаңы түзүлгөн Карызы барлардын фондунун параметрлери талкууланды. Мындай база биринчи жолу түзүлүп жатканын айткан Сот департаментинин статс-катчысы Сталбек Калматов: "Иштелип чыга турган база сот ишин жеңилдетүүгө, сот менен мамлекеттик башка органдардын бири-бири менен байланыштарын жакшыртууга жардам берет",- деп билдирди.
Райондук соттун кызматкерлерин квартал сайын Бишкекке отчёт тапшырууга чакырбай, маалыматты электрондук байланыш аркылуу алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.