* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголгон. Шаар башчысы "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталган. Иса Өмүркуловго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (жер мыйзамдарын бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Иса Өмүркулов 4-декабрда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
2014-жылы 1-августта Иса Өмүркулов жана мэриянын бир катар кызматкерлери бардык беренелер боюнча акталышкан. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарган.
* Мындан 69 жыл мурун, 1946-жылы италиялык модельер Жанни Версаче туулган. Ал 1978-жылы эмерек, телефон, унаа, косметика, аксессуар, кийим чыгарган “Gianni Versace” аталышындагы маркасын негиздеген.
Жарашыктуу кийинүү, табитке жараша туура тандоо артыкчылыгы Жанниге апасынан өткөн. Кичине кезинен апасын ээрчип жумушка барган Жанни колуна кездеме кармап чоңойгон. 32 жашында апасынын, карындашынын жардамы менен “Gianni Versace” деген компания ачып, ишти баштаган. Башынан мода тууралуу түшүнүгү кеңири болгондуктан, компанияны бутуна тургузууга кыйынчылык деле жаралган эмес.
Жанни Версаченин сөөгү 1997-жылы 15-июлда Майами-Бичтеги вилласынын кире беришинен табылган. Ага ок аткан гемосексуалист Эндрю Кьюненэн деген адам экени аныкталган.
* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы америкалык ырчы, "Грэмми" сыйлыгынын ээси, бийчи, ырларынын автору жана актриса Бритни Спирс АКШнын Луизиана штатындагы Кентвуд шаарында төрөлгөн. Атагы алыска тараган Бритнини белгилүү "Rolling Stone" журналы дүйнө боюнча учурдагы ийгиликтүү 25 айымдын катарына киргизген.
* Мындан 23 жыл мурун, 1992-жылы дүйнөдөгү биринчи SMS-кат жөнөтүлгөн. SMS-кат жөнүндөгү идея алгач 1984-жылы пайда болуп, 1989-жылы Фридхельм Хиллебранд, Бернар Жильбер, Финн Тросби, Кевин Холли, Йан Харрис сыяктуу инженерлер тарабынан иштелип чыккан. 1992-жылы уюлдук тармакта иштеген Англиядагы “Sema” компаниясы тарабынан дүйнөдөгү биринчи SMS-кат жөнөтүлгөн. Анда “Рождество майрамыңыз кут болсун!” деп жазылган.
2-декабрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.