Бүгүн, 12-мартта ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы адистерди ишке алуу боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Учурда жаңы кызматкерлерди текшерип, жумушка кабыл алуу үчүн атайын комиссия түзүлдү. Катышуучулардан жогорку юридикалык билим же жогорку техникалык окуу жайын бүткөндүгү тууралуу диплом талап кылынат. Мындан сырткары сынакка катышкан ар бир жаран спорттук көнүгүүлөр боюнча да өзүн көрсөтүп, комиссия тарабынан берилген ар кандай суроолорго жооп берет. Сынакка кабыл алуу 30-апрелде соңуна чыгат.