Юстиция министрлиги “Куралдуу жаңжал учурунда маданий баалуулуктарды коргоо” деген темада тренинг өткөрдү

Юстиция министрлигинде 30-ноябрда “Куралдуу жаңжал учурунда маданий баалуулуктарды коргоо боюнча конвенциянын нормаларын имплементациялоо” деген темада тренинг өткөрүлдү. Министрликтин билдиришинче, тема боюнча КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти Данияр Саякбаев презентация жасады.

"Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте Куралдуу жаңжал убагында маданий баалуулуктарды коргоо боюнча конвенциянын айрым ченемдерин имплементациялоо жана гуманитардык укук жаатындагы эл аралык келишимдерди мындан ары талдоонун максатка ылайыктуулугу талкууланды",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан