Депутаттар Жогорку Кеңештин жыйындарына чакырылган министрлердин келбей жатышына нааразы болушту

Жогорку Кеңештин бүгүн, 2-декабрдагы отурумунда депутаттар Жогорку Кеңештин жыйындарына чакырылган министрлердин келбей жатышканына нааразы болушту. Депутат Кенжебек Бокоев өкмөттүн сунушталып жаткан мыйзам долбоорлоруна баяндама жасоого жиберген айрым кызматтагы адамдары депутаттардын суроолоруна толук жооп бере албай жатышканына токтолду.

"Жалпы жыйында сунушталып жаткан мыйзам долбооруна баяндама жасоого вице-премьер-министрлер чакырылат. Алар келе алышпаса, анда министрлер өздөрү келиши керек. Анан минтип төмөнкү кызматтагы адамдарды жиберип коюшат же алар жакшы баяндама жасай алышпайт. Ошондуктан төрага өзү өкмөткө кайрылып, өкмөттөн ушул маселени карап коюшун талап кылышы керек",- деди Бокоев.

Ал эми депутат Максат Сабиров Жогорку Кеңештин комитеттерине чакырылган министрлер келбей жатышканын ортого салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан