Өкмөт өнөр жай максатында суу ресурстарын пайдалануу үчүн төлөмдөрдү белгилөөнү Жогорку Кеңештен өкмөткө өткөрүп берүүнү сунуш кылды

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Суу кодексине, “КРнын тоолуу аймактары жөнүндө”, “Суу жөнүндө” мыйзамдарга) 3-окууда каралды. Мыйзам долбоорун жыйынга депутат Дастан Жумабеков алып чыкты.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун максаты өнөр жай максатында суу ресурстарын пайдалануу үчүн төлөмдөрдү киргизүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү болуп саналат.

Сунушталган долбоор аркылуу өнөр жай максатында суу үчүн төлөө өлчөмүн белгилөө боюнча Жогорку Кеңештин компетенциясы өкмөткө өткөрүлүп берилүүдө. Суу ресурстарын колдонуу боюнча төлөмдөрдү аныктоону өкмөт тарабынан жүргүзүү зарыл.

Буга эл өкүлдөрү каршы пикирлерин айтышты. “Суу төлөмдөрүн аныктоо өкмөткө өтүшү керек” деп жатып электр энергиясына болгон бааны көтөрүп жибердиңиздер. Эми өнөр жай максатында суу ресурстарын пайдалануу үчүн төлөмдөрдү да көтөрүп жиберүүнү көздөп жатасыздарбы? Өкмөттүн бааны каалагандай көтөрүп жиберип жатканына эл нааразы. Эл нааразы болсо, өкмөткө барбайт, бизге келет”,- дешти депутаттар өкмөт өкүлүнө кайрылышып.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан