Жогорку Кеңеш өнөр жай максатында суу ресурстарын пайдалануу үчүн төлөмдөрдү белгилөөнү өкмөткө өткөрүп берүү боюнча мыйзам долбоорун 2-окуунун режимине кайтарды

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Суу кодексине, “КРнын тоолуу аймактары жөнүндө”, “Суу жөнүндө” мыйзамдарга) 3-окууда каралды.

Сунушталган долбоор аркылуу өнөр жай максатында суу үчүн төлөө өлчөмүн белгилөө боюнча Жогорку Кеңештин компетенциясы өкмөткө өткөрүлүп берилүүдө. Суу ресурстарын колдонуу боюнча төлөмдөрдү аныктоону өкмөт тарабынан жүргүзүү зарыл, себеби бул механизм суу ресурстарына болгон бааны көтөрүү же төмөндөтүүнү өз маалында көзөмөлгө алып турат.

Депутат Аида Салянова суу пайдалануу боюнча тарифтерди бекитүү өкмөткө өткөрүлүп берилсин, бирок укуктук режимди аныктоо Жогорку Кеңештин ыйгарым укугунда калышы керек деген пикирде. Салянованын бул багыттагы суроосуна өкмөт өкүлүнөн так жооп болбогонуна депутаттар нааразы болушуп, мыйзам долбоорун 2-окууга кайтарууну сунушташты. "Баяндамачы демилге боюнча такыр даярдыксыз келиптир. Суроолорго жооп бере албаса, биз кантип кабыл алабыз? 2-окуунун режимине кайтарып жиберели, даярданып келип жооп беришсин",- дешти дептутаттар. Жыйынтыгында мыйзам долбоору тармактык комитетке кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан