Салык кызматы 2016-жылдан тартып унаага салык төлөнгөнүн ырастоочу чаптамаларды бере баштайт

Мамлекеттик салык кызматы 2016-жылдан тарта автоунааларга салык төлөгөн жарандарга салык төлөө фактысын ырастоочу атайын чаптамаларды (наклейка) бере баштайт. Мекемеден бүгүн, 2-декабрда билдиришкендей, мындай чечим өкмөттүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы токтому менен бекитилди.

"Маалыматтык эсепти тапшырып жана автоунаа каражаттарына салык төлөнгөндөн кийин салык төлөөчүгө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу, салык органынын кызматкеринин колу жана анын ысымдык мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн атайын чаптама акысыз берилет. Мындан тышкары, Салык кодексинин 330-беренесине ылайык, унаа салыгын төлөөдөн бошотулган жактарга да атайын чаптама берилет",- деп билдирди мекеме.

Маалымат үчүн: Чаптаманын диаметри туурасынан 80 миллиметр, тигинен 65 миллиметр болгон сүйрү формага ээ. Көркөмдөлгөн тангирлүү торчо түрүндө көрүнүп туруучу коргоо элементтери бар кагаздан жасалат. Кагаздын өңү жыл сайын алмаштырылып турмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан