Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү иштиктүү кийим кийүүгө өтүшөт. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңеште айтты. Депутаттар талкуу учурунда баяндамачыга "Алган айлыктары, отурганга жарытылуу жайы болбосо кандай иштиктүү кийим күйүүгө өтүшөт? Ал талапты ким көзөмөлгө алат?" деген суроолорду узатышты. Рыспаев нормада "иштиктүү кийим күйүүгө өтүшөт" деп жазылып турганы менен, алар кандай кийим кийиши керектиги так эместигин айтты. "Макул болсоңуздар экинчи окууда комитеттерде карап, тактап алсак болот. Сиздерден да сунуш күтөбүз",-деди Рыспаев.
Эл өкүлдөрү "аксакалдар сотторунун жоопкерчилигин күчөтүү керек, алардын иш алып баруусун камсыз кылуу үчүн маяна төлөп берүү жагын караштыруу зарыл" деген сунуштарды айтышты. "Азыр аксакалдар сотторунун жоопкерчилигин күчөтүүгө мезгил келип жетти. Жоопкерчиликти толук берүү үчүн маяна төлөп берүү керек. Мисалы, бир жерден экинчи жерге баруу үчүн өзүнүн унаасы болсо да, ага күйүүчү май кетет. Ага каражатты кайдан алышмак эле? Жабырлануучу тарап алып барса, ага көз каранды болуп калат",- дешти эл өкүлдөрү.
Учурда өлкө аймагында 200дөн ашуун аксакалдар соту бар болсо, анын 4300дөй мүчөсү бар.