Бүгүн, 12-мартта Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясында шаардагы ЖОЖдордун студенттери арасында волейбол боюнча мелдеш башталды. Маалым болгондой, оюндун алгачкы айлампасында волейболчулар 4 командадан 4 топко бөлүнүшөт. Мелдешке 16 команда катышып жатканын КРнын Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев билдирди. Мелдеш 17-мартта соңуна чыкмакчы.