Темир Сариев илим тармагы реалдуу реформаланарын айтты

Өкмөттө бүгүн, 2-декабрда Илим жана инновациялар боюнча кеңештин биринчи отуруму өттү.

"Илим – адамзаттын жана коомдун жашоосунда негизги тармактардын бири. Илим жана технология жакшы өнүккөн өлкөлөр бүгүнкү күндө эң кубаттуу жана өнүккөн өлкөлөр болуп жатканы талашсыз. Буга Япония, Түштүк Корея, Кытай, АКШ, Европа мамлекеттери мисал боло алат. Өлкөбүздөгү илимдин абалына жана келечегине саресеп салып, өндүрүш менен айкалыштырууга мезгил жетти",- деди премьер-министр Темир Сариев.

Илим жана инновациялар боюнча кеңештин алкагында илим тармагын реалдуу реформалоо иштери жасаларын белгиледи.

Сариев илимий мекемелер менен мамлекеттин ортосундагы мамилелерди принципиалдуу түрдө өзгөртүү зарылдыгын да айтты. “Илимпоздор конкреттүү тапшырма менен иштеши керек. Мамлекеттик буйрутма системин кайра киргизүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зарыл болгон багыттарды гана каржылоо зарыл. Натыйжада мамлекет үчүн керектүү илимий изилдөөлөр үчүн каржылык жана башка ресурстарды топтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт",- дейт өкмөт жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан