Асылбек Жээнбеков Астанада Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышат

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген парламенттик делегация 3-4-декабрда Казакстандын Астана шаарында өтүүчү Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Иш сапардын жүрүшүндө парламент жетекчиси эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү.

Кыргыз делегациясынын курамы: депутаттар Садык Шер-Нияз, Бактыбек Райымкулов жана Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин аппаратынын Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан