Президент: "Сагындык Өмүрбаев - кыргыз окурмандарын дүйнө жазуучуларынын чыгармалары менен тааныштырууга умтулган калемгерлердин бири"

Бүгүн, 2-декабрда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Эл жазуучусу, акын, котормочу жана публицист Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдыгына арналган маданий
иш-чара болду. Ага карата Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев куттуктоо жолдоду.

Куттуктоонун тексти:

"Кыргыз улуттук адабиятынын калыптанып өнүгүшүнө көптөгөн белгилүү жазуучулар салым кошушкан. Быйыл калың кыргыз журтчулугу ошолордун катарында татыктуу орун ээлеген көркөм сөз чебери, Кыргыз Эл жазуучусу маркум Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

Сагындык Өмүрбаев көптөгөн жанрда – поэзияда, прозада жана котормочулукта үзүрлүү эмгектенип, кыргыз адабиятын өнүктүрүүдө чоң эмгек кылган. Жазуучунун калеминен жаралган көптөгөн чыгармалар, өзгөчө “Бороондуу күндөр” жана “Телегей” романдары кыргыз элинин жүрөгүнөн жылуу түнөк тапты.

Сагындык Өмүрбаев - кыргыз окурмандарын дүйнө жазуучуларынын чыгармалары менен тааныштырууга умтулган калемгерлердин бири. Ал Корней Чуковский, Сергей Михалков, Гамзат Цадаса, Гафур Гулямов, Миртемир Турсунов сыяктуу белгилүү акындардын чыгармаларын кыргызчалап, элибиздин руханий жана маданий дүйнөсүн байытууга өз салымын кошкон.

С.Өмүрбаев кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун, эмгекчил, ишкер адамдардын кулк-мүнөзүн, чындык менен жалгандын, жакшылык менен жамандыктын күрөшүн терең чагылдырууга умтулган талыкпас эмгекчилдиги менен, айрыкча улуттук адабиятта роман жанрын өнүктүрүүдө олуттуу эмгек жасаган калемгер катары кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан