Жалал-Абаддагы митинг токтотулду

Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу талабы менен Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан митинг бүгүн, 12-мартта токтотулду. Чогулгандар аталган депутаттарга карата соттун өкүмү чыккыча үйлөрүнө таркашты. “Камчыбек Ташиевдин кайрылуусуна ылайык, биз митингди убактылуу токтотобуз. Бирок партиянын штабы иштейт”,- деди "Ата Журт" партиясынын аталган облустагы координатору Жеңишбек Токторбаев. Айта кетсек, Камчыбек Ташиев митингдерди мыйзам чегинде гана өткөрүү боюнча тарапташтарына кайрылуу жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан