Бүгүн, 2-декабрда премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде өткөн өлкөдөгү протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоого зарыл уникалдуу жабдууну ишке киргизүүгө арналган иш-чарага катышты.
Жаңы заманбап жабдуу Дүйнөлүк банктын “Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо” долбоору боюнча алынган. Премьер-министр лазердик платформа жана “акылдуу батек” деп аталган тамандын кемчиликтерин аныктоочу жабдуулар менен таанышты. Компьютердик башкаруудагы жогорку тактыктагы лазердик платформа протездерди чогултууда кынтыксыз иш аткарууга мүмкүндүк берет.
"Учурда Кыргыз Республикасында жалпысынан 165 миңден ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 27 миңи – жаш балдар. Моюнга алуу керек, бул көрсөткүч 6 миллион калкы бар өлкө үчүн көптүк кылат. Мен калкка кайрылып, ар бир кыргыз жараны өз ден соолугуна кам көрүп, медициналык адистерге өз учурунда кайрылып, алардын сунуштарына көңүл буруусун каалап кетер элем. Эгерде медициналык жардам өз учурунда көрсөтүлгөн болсо, анда көптөгөн оорулардан сактанууга мүмкүн болот. Аны менен катар белгилеп кетүүчү нерсе, биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга бардык колдоолорду көрсөтүп, аларды жалгыз калтырбайбыз. Өкмөт протездерге муктаж болгон жактарга тийиштүү жардам көрсөтүп, жаш балдар кичинесинен тарта протездер менен камсыздалып, коомдо толук кандуу жашоого ылайыкташуусуна көмөк берет",- деди өкмөт башчы.
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин жана Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды реабилитациялоо борборун кыдырып чыккан премьер-министр Темир Сариев муздаткыч белек кылып, мекеме кардарларын ташуу үчүн эки автоунаа менен камсыздоону убадалады.