Ысык-Көл облусундагы Челпек айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иши козголду

5-мартта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы К.К. жана айылдык кеңештин мурдагы жетекчиси Т.О. аттуу жарандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, бул жарандар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыпталууда. Тактап айтканда, айыпталуучулар 2012-жылы жер бөлүп берүү үчүн аталган айылдын жашоочуларынан 2 миллион сом чогултушуп, аны өз кызыкчылыктарына пайдаланып жиберишкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан