Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-декабрдагы жыйынында Канжар Кадыралиевдин эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулганына токтолду. Депутат ал бир канча ишкерге бут тосуп келгендиктен, аны эл душманы катары эсептөө керектигин айтты.
"Президент да, өкмөт башчы да ишкерлерге бут тоскондорду эл душманы катары эсептеш керектигин айтып келет. Канжар Кадыралиев да бир канча ишкерге бут тосуп, аларды сыздаткан. Жакында сот андан тил кат алып, камактан бошотту. Соттор криминал гүлдөгөн Бакиев заманын сагынып калыштыбы? Ишкерлерди колдоо керек десе, соттор аларга кысым кылгандарды абактан бошотуп жиберип жатышат. Азиз Батукаевди "жакында өлөт" деп абактан чыгарышты эле, эмне болду? Ошондуктан өкмөт, парламент буга каршы бирге аракет кылышы керек",- деди Акаев.