Кыргыз мамлекети менен Орусиянын ортосундагы көп тараптуу кызматташуунун абалы Бишкекте талкууланды

Бишкекте бүгүн, 3-декабрда Кыргыз-орус өкмөттөрү аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын 18-жыйыны өттү. Жыйында мунай-газ, өнөр жай, транспорт, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, бажы иши жана башка тармактар боюнча кызматташтык маселеси талкууланды.

Эки мамлекеттин өкмөттөрү аралык 2014-2017-жылдарга Экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча иштердин планы бекитилди. Комиссиянын 19-жыйынын 2016-жылы Орусиянын аймагында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Маалымат үчүн: Кыргыз-орус өкмөттөрү аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссия Бишкек шаарында 1997-жылдын 10-октябрында кол коюлган эки өлкөнүн өкмөттөрү аралык протоколго ылайык түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан