Акылбек Жапаров: “Бюджеттик таңсыктыкты жойбосок, сом эч качан туруктуу болбойт”

"Бюджеттик дефицитти жоготмоюнча сом эч качан туруктуу болбойт". Мындай пикирди депутат Акылбек Жапаров бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирип, сомдун кунунун түшүп жатышын бюджеттин туруктуу болбой жатышына байланыштырды. Сомдун күчү жоголуп жатканын белгилеген депутат өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып: “Өкмөт бюджетти кароодо пенсионерлердин, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин, укук коргоочулардын маяналарын, пенсия, жөлөк пулдарын 30 пайызга чейин көтөрбөсө, экономика кризистен чыкпайт. Мына ушундай жагдайларды эске алуу менен 2016-жылга карата бюджеттин долбоорун алып келишиңер керек”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан