"10 күндөн кийин текшерүү келет" деген эскертмени ишкерлердин колдоруна бериш керек" дейт депутат Пирматов

Жогорку Кеңештин 2-декабрдагы жыйынында депутат Исхак Пирматов ишкерлерди текшерүү алдындагы эскертмени электрондук түрдө берүүгө болбой турганын билдирди. Депутат "Ишкердиктин субъектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдын долбоору боюнча жооптуу өкүлгө кайрылып буларды айтты:

"Сиздин маалымат боюнча, ишкерлерге электрондук түрдө, почта менен эскертме бергенге болот. Алардын алганын кантип далилдейсиңер? Ишкерлер сайттарды карап отурушабы же иштейби? "10 күндөн кийин текшерүү келет" деген эскертмени ишкерлердин өздөрүнө тапшырып, колдорун койдуруп алыш керек. Алар 10 күндөн кийин текшерүүчүнү тосуп алышсын. "Пландан тышкары текшерүү" жана "кайра текшерүү" деген түшүнүктөр алынып жатат. Андан көрө пландан тышкаркы текшерүүнүн ордуна субъекттин даттануусу боюнча текшерүүнү киргизүү керек".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан