11-мартта Чүй облустук жана Сокулук райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан диний экстремисттик уюмдун мүчөсү катары шектелип 39 жаштагы Т.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, ыкчам-иликтөө аракеттери учурунда анын үйүнөн "Хизб-ут-Тахрир" уюмуна таандык 12 барак жана 8 даана диск табылган. Тергөө учурунда кармалган жарандын чын эле айтылган диний уюмдун мүчөсү экендиги аныкталды.