Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору 2-окууда каралып жатат. Мыйзам долбоору боюнча баяндаманы депутат Жанар Акаев жасады. Анын билдиришинче, мыйзам долбоору административдик укук бузуунун жаңы курамын тастыктоого багытталган. Ал донордук канды жана анын компоненттерин жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамдарды сактабаган кызмат адамдарына карата административдик жоопкерчилик чараларын карайт. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын сактоонун жана сарамжалдуу пайдалануунун эрежелерин бузган кызмат адамдарына беш эсептик көрсөткүчтөн он эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул салуу белгиленген.