Президентке саламаттыкты сактоо тармагындагы кырдаал тууралуу маалымат берилди

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бүгүн, 3-декабрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге саламаттыкты сактоо тармагындагы реформалар, медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жасалган аракеттер, оорулардын алдын алуу иштери тууралуу маалымат берди. Дарылардын агымын, баасын көзөмөлдөөгө жана дары рыногундагы кырдаалга анализ жасоого мүмкүндүк берүүчү дары каражаттарынын, медициналык техникалардын улуттук маалымат базасын түзүү иштери тууралуу да айтты.

Алмазбек Атамбаев медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу үчүн тармакты реформалоо иши эффективдүү жүрүшү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан