Айыл жериндеги социалдык объектилерди жакшыртууга багытталган макулдашууну ратификациялоо 3 окууда добуш берүүгө жиберилди

Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын 3-долбоору) ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча депутат Алмазбек Баатырбеков баяндама жасап, Жогорку Кеңештин бардык фракциялары тарабынан 3 окууда добуш берүүгө уруксат берилгендигин билдирди.

Айыл инвестицияларынын 3-долбоору 2014-2015-жылдары турмушка ашырылган мурдагы долбоорлордун уландысы. Долбоордун максаты айыл аймактарында биргелешип өнүгүү, социалдык жана экономикалык инфраструктуралардын сапаттуу объектилерин куруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын потенциалын өнүктүрүү менен жакырчылыктан арылуу болуп саналат.

Долбоордун жалпы суммасы 12 миллион доллар (6,6 миллиону насыя, 5,4 миллион доллары - грант). Насыя 38 жылга берилүүдө, анын ичинде 6 жылы - жеңилдетилген мөөнөт. 0,75 пайыздык ставка менен берилет.

Талкуудан соң ратификациялык мыйзам долбоору 2-3-окууларда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан