Бүгүн, 3-декабрдан тартып кинотеатрларда катынпоз эркектин турмушун баяндаган тасма көрсөтүлө баштайт. Аны режиссёр Рысбек Жабиров тартса, Эрмек Нурбаев менен Урмат Усенов продюсерлик кылышкан. Сценарийин Малик Осмонов менен Рысбек Жабиров жазган. Режиссёрдун айтымында, тасмадагы окуялардын 80 пайызы реалдуу жашоодон алынган.
"Орой сөз менен айтканда, фильм сойку эркек жөнүндө. Акыркы учурларда жүрүм-туруму начар кыргыз кыз-келиндерин тарбиялайбыз деген "патриоттор" пайда болбоду беле. Ошолорго каршы пикир айтуу максатында тартылган десем болот. Кыздардын жаман жолго барышына эркектер күнөөлүү да. Мисалы, чечендер кыздардын баарына карындаштай мамиле кылышат. Мындан улам аларда жаман жолдо жүргөн кыздар жокко эсе. Тасмада эркектерге көп басым жасалат. "Ушул темага кайрылбай эле койбойсуңбу..." дегендер болду",- дейт Р.Жабиров.