Республика аймагында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өкмөттүн макулдугу менен өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

Жогорку Кеңеш 3-декабрда “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун 1-окууда карады. Мыйзам долбоору аркылуу мурда аныкталган министрликтер менен ведомстволорго жүктөлгөн иш-милдеттер кайра иреттелип, өкмөткө жүктөлүүдө. Эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн өлкөдөгү спорттук федерациялар Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине билдирүү жибериши керек. Анын негизинде агенттик өкмөт менен макулдашып, уруксат берет.

Талкууда эл өкүлдөрү бир катар сунуштарды айтып, өз пикирлерин ортого салышты. Андан соң мыйзам долбоорун добуш берүүгө жиберишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан