Парламент айыл жериндеги социалдык объектилерди жакшыртууга багытталган макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам кабыл алды

Жогорку Кеңеш "Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын 3-долбоору) ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун бүгүн, 3-декабрда 3-окууда кабыл алды.

Долбоордун максаты - айыл аймактарында биргелешип өнүгүү, социалдык жана экономикалык инфраструктуралардын сапаттуу объектилерин куруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын потенциалын өнүктүрүү менен жакырчылыктан арылуу. Айыл инвестицияларынын 3-долбоору 2014-2015-жылдары турмушка ашырылган мурдагы долбоорлордун уландысы.

Долбоордун жалпы суммасы 12 миллион доллар (6,6 миллиону - насыя, 5,4 миллион доллары - грант). Насыя 38 жылга берилүүдө, анын ичинде 6 жылы - жеңилдетилген мөөнөт. 0,75 пайыздык үстөк менен берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан