Азербайжан парламентинин спикери:Кыргыз өлкөсүнүн келечеги кең, жакында суу алтынга тете бааланат”

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 3-декабрда Астанада Азербайжандын Милли мажилисинин төрагасы Октай Асадов менен жолугушту. Жээнбеков 2016-2018-жылдар аралыгында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине кыргыз өлкөсүнүн талапкерлерин колдогону үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз мамлекети менен Азербайжандын достукка, ишенимге негизделген мамилеси жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеген спикер: “Эки өлкөнүн парламенттик кызматташуусу зор мааниге ээ. Бул жеке эле конструктивдүү диалог менен тажрыйба алмашууну кубаттабастан, эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүү деңгээлине жеткирет. Парламентте кыргыз-азербайжан достук тобу түзүлдү. Андыктан сиздин кыргыз жерине расмий сапар менен келип кетүүңүз парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жаңы дем-күч берет”,- деп билдирди.

Асадов кесиптешинин чакыруусун кабыл алып, кыргыз парламентинин жетекчисин дагы Азербайжанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. “Кыргыз өлкөсүнүн келечеги кең. Жакынкы жылдары суу алтынга тете бааланат. Суу ресурстарын колдонуу – сиздердин мамлекеттин жаркын болочогун шарттайт”,- деди Асадов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан