2016-жылы облус борборлорунда алтын куймалары сатыкка коюла баштайт

2016-жылы облус борборлорунда алтын куймалары сатыкка коюла баштайт. Бул тууралуу 3-декабрда Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов "Парламент" радиосундагы маегинде билдирди. 2015-жылдын 7-майында Улуттук банк 25 килограмм алтын менен чакан алтын куймаларын даярдап, сатыкка чыгара баштаганын белгилеген банк төрагасы: "Алтын куймаларына болгон суроо-талаптар деле жаман болгон жок. Ошондуктан сатылган продукциялардын жалпы көлөмү учурда 57 килограммга жетти”,- деди.

Алтындын чакан куймаларынан жасалган баалуу каражаттар азырынча Бишкек жана Ош шаарларында гана сатыкка чыгарылып жатканын айткан Абдыгулов: “Келерки жылдан тартып аймактарда сатыкка чыгат. Ошол алтын куймаларынын банктык өлчөмүндөгү элементтерди сактоонун да жол-жоболору караштырылган. Эгер 31 грамм жана 100 грамм алтын куймаларын сатып алгандар болсо, аларды Улуттук банкта сактоо мүмкүнчүлүктөрү каралган”,- дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан