Болсунбек Казаков Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчылыгына кайра дайындалды

Болсунбек Казаков өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчылыгына кайра дайындалды. Тийиштүү буйрукка 3-декабрда премьер-министр Темир Сариев кол койгонун өкмөттөн маалымдашты.

Казаков аталган кызматтын жетекчилигине 2014-жылдын июлунда ошол кездеги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен дайындалган. Быйыл 28-октябрда өкмөт отставкага кетип, жаңы өкмөт түзүлгөндөн бери аталган мекеменин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан