Орусиянын президенти Владимир Путин 3-декабрда Федералдык жыйындын алдында кайрылуу жасады. Анда президент экономикалык санкциялар, терроризм менен күрөшүү, Сириядагы аскердик операциялар жана башка маанилүү окуялар тууралуу пикир айтты. Түркия тууралуу Путин буларды билдирди:
"Алар эмне үчүн мындайга барышканын таптакыр түшүнбөйм. Бардык маселелерди, көйгөйлөрдү, карама-каршылыктарды таптакыр башкача жол менен чечүүгө болмок. Түркия менен кызматташууга, алардын союздаштары жасоону каалабаган алыстыкка барууга биз даяр болчубуз. Эмне үчүн алар мындайга барышканын түшүнбөйм. Менимче, муну бир гана Кудай билет, бирок биз тараптан эмоционалдуу жана коркунучтуу реакция күтүлбөйт. Биздин аракеттердин негизин баарынан мурун өз элибиздин, өз өлкөбүздүн алдындагы жоопкерчилик түзөт. Куралдар менен карсылдашуу ниетибиз жок, бирок алар биздин жарандардын өлүмү үчүн помидор жана башка майда чектөөлөр менен кутулуп кетебиз дешсе, терең жаңылышат. Биз кандай аракет кылуу керектигин жакшы билебиз".
Путин Орусия Су-24 учагынын атылышын эч качан унутпай турганын кошумчалап: "Түркия али далай ирет өкүнөт",- деди.