Москвада "Кыргыз-экспо 2015" аттуу бизнес-форум өтөт

Москвада 10-11-декабрь күндөрү "Кыргыз-экспо 2015" бизнес-форуму өтөт. Экономика жана өнөр жай министрлигинен 3-декабрда билдиришкендей, жыйындын негизги темасы - Евразиялык экономикалык биримдиктин шартындагы кыргыз ишкерлеринин мүмкүнчүлүктөрү, Орусиянын жана ЕАЭБдин рыногун эффективдүү өздөштүрүү.

Форумга азык-түлүк, чийки зат, кургатылган мөмө, айыл чарба багытындагы товар өндүрүүчүлөр, туризм, энергетика, транспорт, курулуш, камсыздандыруу тармагындагы компаниялардын өкүлдөрү катышмакчы. Анда Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киришиндеги өзгөчөлүктөр, кыйынчылыктар, артыкчылыктар, орусиялык рынокту өздөштүрүүдөгү Казакстан, Армения, Беларустун тажрыйбалары, кыргыз өлкөсүнүн экспорттук потенциалы талкууланары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан