Асылбек Жээнбеков кыргыз тарап Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясына төрагалык кылууга даяр экенин айтты

Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков 3-декабрда Астана шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйында аталган ассамблеяга төрагалык кылуу Азербайжандан Казакстанга өттү. Азербайжандын Милли Мажилисинин төрагасы Октай Асадов анын жетекчилиги астында аткарылган иштер тууралуу кеңештин мүчөлөрүнө маалымат берди.

Кыргыз парламентинин жетекчиси Асылбек Жээнбеков жылуу кабыл алганы үчүн Казакстан тарапка ыраазычылык билдирип, ассамблеянын Баку шаарында өткөн жыйынынан бери бир катар иштер жасалганын айтты. ТүркПАнын VII пленардык жыйынын кийинки жылдын экинчи жарымында кыргыз өлкөсүндө өткөрүп, ошондон тартып ассамблеяга жетекчилик кылууга даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан