Курулуш материалдарын ташыган унааларга карата салыктын көлөмүн жогорулатуу сунушталууда

Депутат Алтынбек Жунус уулу курулуш материалдарын ташыган ири унааларга карата салыкты жогорулатуу керектигин бүгүн, 4-декабрда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында көтөрдү. Анын пикиринде, жүк ташыган унаалар Бишкек шаарына курулуш материалдарын алып кирүүдө жол эрежелерин сактабай, жолдорду бузуп жатышат.

"Тапкан кирешелери өтө жогору, бирок төлөгөн салыгы эч канча эмес. Азыр жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө жүк алып келишет да, жолго каалагандай туруп алып, жол эрежесин бузуп жатышат. Анысы аз келгенсип, жүктү унаа жолго таштап коюшат. Мунун айынан жолдор бузулуп жатат. Буларга карата салыкты көтөрүш керек",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан