2016-жылы турак жайларды ипотекага доллар менен эмес, сом менен берүү пландалууда

Улуттук банк турак жайларды ипотекага доллар менен эмес, сом менен алуунун механизмин иштеп чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында айтты. Ал сунуш коммерциялык банктарга жиберилгенин кошумчалады.

"Президент Алмазбек Атамбаев ипотека боюнча насыя берүүнүн доллардан сомго которуу мүмкүнчүлүгүн кароону Улуттук банкка тапшырган. Биз бул боюнча жаңы механизм иштеп чыгып, коммерциялык банктарга жибердик. Банктардагы сомдун жалпы көлөмү жетпейт. Аны Улуттук банк берет",- деди Улуттук банктын өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан