Жүктү мыйзамсыз текшерүү жана ишкерлерден акча талап кылуу аракеттери катуу көзөмөлдөнөт. Муну бүгүн, 4-декабрда ишкерлер жана "Дордой" базарынын профсоюз уюмунун жетекчилиги менен жолугушууда вице-премьер-министр Олег Панкратов убадалады. "Укук коргоо кызматкерлери көнүмүш түрдүү шылтоолор менен товар жүктөгөн автобустарды токтотушуп, ишкерлерден акча талап кылышат. Буга жол берилбеши керек. Алыскы жана жакынкы мамлекеттерге товар жеткирүү, соодалашууда эч кандай тоскоолдук болбошу зарыл",- деди вице-премьер.
Укук коргоо органдарынын чектен чыккан аракеттерин кабарлоо үчүн ишеним телефонун ачуу керектигин айткан Панкратов буларды кошумчалады: "Жакында автобусту мыйзамсыз токтотуп, коңшу өлкөнүн ишкерлеринен акча талап кылганы үчүн бир катар милиция кызматкерлери иштен алынышты. Бул окуя бардык милиция кызматкерлерине сабак болушу шарт".