Жээнбеков: “Парламенттик шайлоо демократиялык стандарттарга ылайык өттү” деген эл аралык байкоочулар миссиясынын пикирлерин канааттануу менен белгилейм”

Төрага Асылбек Жээнбеков баштаган парламенттик делегация бүгүн, 4-декабрда Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) VI пленардык жыйынына катышты. Жыйын жүрүшүндө күн тартибинде каралган ТүркПАнын Эл аралык байкоочулар миссиясынын шайлоолор тууралуу отчётторуна карата Жээнбеков кошумча маалымат берди.

Асылбек Жээнбековдун жыйында сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу кесиптештер!

Баарыңыздарга жана ошол мезгилдеги ТүркПАнын төрагалыгын аркалаган урматтуу Октай Сабир оглы мырзага 2015-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоосуна байкоо жүргүзүү үчүн ТүркПАнын делегациясын жибергениңиздерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Учурдан пайдаланып ТүркПАнын байкоочулар миссиясынын башчысы - Азербайжан Республикасынын Милли Мажилисинин депутаты, Маданият боюнча комитетинин төрагасы Низами Жафаров мырзага жана ТүркПАнын Башкы катчысы Жандос Асанов мырзага рахмат айтабыз.

"Кыргыз Республикасында 2015-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоолор улуттук мыйзамга жана эл аралык демократиялык стандарттарга ылайык өттү" деген ТүркПАнын эл аралык байкоочу миссиясынын айтылган ой-пикирин канааттануу менен белгилейм.

Кыргыз мамлекетинде шайлоонун даярдоо жүрүшүнө жана өтүшүнө жүздөгөн салттуу байкоочулар менен кошо 40 эл аралык уюмдардын жана 69 мамлекеттердин өкүлдөрү байкоо жүргүзүштү. Кыргыз мамлекетинде шайлоо укугунун жаңы ыкмалары алдынкы шайлоо технологиялары менен апробацияланды. Алсак, шайлоочулардын биометрикалык каттоосу жана "бир шайлоочу - бир добуш" принцибин камсыз кылган онлайн режим аркылуу добуштарды электрондук эсептөө системи колдонулду жана ийгиликтүү иштеди.

Шайлоо эл аралык жана улуттук шайлоо укуктун ченемдерин сактоонун негизинде өткөнүн бардык байкоочулар белгилешти.

Урматтуу кесиптештер!

Эң негизгиси, өткөн парламенттик шайлоолорго жогорку оң бааны Кыргыз Республикасынын бардык жарандары беришти. Мурун болуп көрбөгөн ачык шайлоолорду өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин өзгөчө ролун жана саясий эркин белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасынын парламенти шайлоо процессине жаңы технологияларды киргизүүнү колдоп, шайлоо мыйзамдарынын оптимизациялоо ишине өзүнүн чоң салымын кошту. Жыйынтыктар Кыргыз Республикасынын эли акыркы беш жылда башталган оң өзгөрүштөрдү бекем жана ырааттуу улантылышына добуш бергенин көрсөттү.

Урматтуу кесиптештер!

Кыргыз Республикасында шайлоолорду инновациялык технологияларды колдонуунун негизинде өткөрүү тажрыйбасын талкуулоо максатында, 2016-жылы Бишкек шаарында практикалык кадам катары кыргыз тарап КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын сунушу менен жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы менен биргелешип конференция өткөрөбүз. Аталган иш-чарага ТүркПАга мүчө өлкөлөр менен бирге бардык кызыкдар тараптарды катышууга чакырабыз”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан