Шаардын жолдорундагы тыгынды чечип, шаардык муниципалдык транспорттун (троллейбус, автобустар) санын көбөйтүү үчүн жасалып жаткан чаралар жөнүндө маселе бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында каралды. Депутаттардын суроолоруна Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болот Мамышев жана Жол-кайгуул кызматынын жол көзөмөлүнүн бөлүм башчысы Мухтар Сандыбаев жооп берди. Анда депутаттар жол-кайгуул кызматкерлеринин санын көбөйтүү жана кичи автобустардын ордуна көп жүргүнчү ташууга ылайыкталган заманбап автобустарды алып келүү менен жол тыгындарын азайтуу сунуштарын айтышты.
Жыйындын жүрүшүндө берилген маалыматтар эске алынып, “автомашиналар көп топтоло турган жайларга кошумча жол чырактар коюлсун, Бишкек шаарынын жолдорундагы тыгын болгон тилкелерде Жол-кайгуул кызматынын жол кыймылын жөнгө салуучуларынын иштерине көзөмөлдүк күчөтүлсүн" деген сунуштар берилди. Ошондой эле "жол тыгынын азайтуу максатында муниципалдык транспорттун (автобус, троллейбустардын) санын көбөйтүү жана маршруттук таксилердин санын азайтуу маселеси каралсын, керектөө талабынын өсүшүнө жараша, таңкы саат 06:00дөн 10:00гө жана кечки саат 17:00дөн 21:00гө чейин муниципалдык транспорттун ишке чыгуу графиги кайра каралсын" деген сунуштар айтылды.