6-декабрда өлкө аймагында жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болору күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн +3°C
Талас облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн +1°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +15°C, түнкүсүн +4°C
Баткен облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +3°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн -2°C
Нарын облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -4°C
Бишкек шаары. Күндүз +15°C, түнкүсүн +3°C